Поиск по сайту
Поиск по сайту
Президент Кыргызской республики

Президент Алмазбек Атамбаев: Всемирные игры кочевников - это праздник возвращения к своим истокам, возможность показать нашим детям и всему миру все богатство кочевой культуры

Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев сегодня, 3 сентября, принял участие в церемонии открытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области.

Для участия в спортивных состязаниях по 25 видам игр прибыли делегации из 62 стран. Освещают мероприятие более 500 представителей иностранных и отечественных средств массовой информации.

В ходе церемонии открытия Игр зрителям было представлено грандиозное шоу, включающее выступления всадников, красочный концерт, виртуозное выступление комузистов, традиционный выход команд стран-участников. 

В своей речи Президент Алмазбек Атамбаев тепло поприветствовал гостей и участников мероприятия, отметив, что гордится тем, что на кыргызской земле проходят вторые по счету Всемирные игры кочевников.

Текст выступления Главы государства:

«Урматтуу Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу меймандар!

Ала-Тоо жергесине дүйнөнүн төрт тарабынан келген конокторду, 62 өлкөнүн өкүлдөрүн, чабандестерин тосуп жатканыбызга сыймыктанабыз.

Бул майрамга Кыргызстандын бардык облустары менен райондорунан да аксакалдар, айыл ардагерлери, чабандестер келишти.

Кыргызда конок тосуу өзгөчө жакшылык болуп саналат. “Конок менен кошо үйгө кут кирет” деп айтылат элибизде. Ошондуктан, кыргыздар ар дайым келген конокту кубаныч, ак тилек, жакшы ниет менен тосуп алышкан.

Көчмөн элдердин мурасы, каада-салттары кайрадан жанданып, дүйнөдө зор кызыгууну жарата баштады. Эки жыл мурда Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан болсо, бул жолу экинчи оюндарга 62 мамлекеттин өкүлдөрү келди, оюндардын түрлөрү да көбөйдү.

2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин саммитинде Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын президенттери Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү чечимин кабыл алышкан. Бизге ишеним жана колдоо көрсөткөн бардык досторубузга жана шериктештерибизге ыраазычылык билдирем.

Уважаемые соотечественники!

Дорогие гости!

В современном мире человечество забывает свои истоки. Возникает угроза исчезновения уникальных культур и народов, меняются границы государств. Разрушение окружающей среды приводит к катастрофическим последствиям регионального и глобального масштаба.

В этих условиях бережное отношение кочевников к окружающей среде, сохранение ими наследия предков стали предметом пристального внимания и изучения. Об этом свидетельствует большое число гостей, прибывших на наш праздник.

Кочевая цивилизация – своеобразный прообраз устойчивого развития, той модели, которую сегодня ищет все человечество. Цели развития ООН после 2015 года так же ориентированы на решение этих задач.

В последние годы коммерциализация и политизация спорта, превращение спортивных состязаний в пространство идеологических противоречий и конфликтов заставляет нас задуматься о гуманизации спортивного движения.

На этом строится основная идея Игр кочевников, идея сближения народов и культур.

Для нас, кочевников, это праздник возвращения к своим истокам, возможность показать нашим детям и всему миру все богатство кочевой культуры.

Для зрителей это способ узнать новое, прикоснуться к первозданной природе и древним традициям, увидеть радушие и искренность кочевников. Поэтому в программу фестиваля включены не только спортивные состязания, но и знакомство с бытом, образом жизни, традициями, искусством и философией кочевников.

Урматтуу Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары!

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урааны: “Күч биримдиги! Рух биримдиги!” Биздин оюндар күч менен акылдын, руханий күчтүн тең салмагын даңазалап турат.

Ааламдашуунун шарттарында, илим жана технологиянын жетишкендиктери менен кошо кайталангыс маданияттардын, үрп-адат, салттардын жоголуу коркунучу жаралды. Ушундай кырдаалда ата-бабаларыбыздын мурасын сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган аракеттерибиз өз убагында жасалган, абдан туура кадам.

Көчмөндөр оюндары - такай өткөрүлө турган спорттук жана маданий фестиваль. Бул адамзатка жаңы дем берүүчү күч-кубат, жаңы спорттук жана маданий багыт.

Алдыдагы мелдештерде калыстык жана адилеттик жеңсин!

Туш тараптан келген спортсмендер менен чабандестер Кыргыз жергесинен өз өлкөлөрүнө байге алып барып, өз элин даңазалап кубантсын.

Күйөрмандар менен коноктор унутулгус таасир алышып, кийинки оюндарга багыт алышсын!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу спортсмендер жана оюндункатышуучулары!

Кадырлуу коноктор!

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп жарыялайм!»

3 сентября 2016