Поиск по сайту
Поиск по сайту
Президент Кыргызской республики

Президент Алмазбек Атамбаев встретился с гражданами, проявившими личное мужество в спасении людей во время июньских событий 2010 года

Сегодня, 10 июня 2015 года, Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев встретился с гражданами, проявившими личное мужество в спасении людей во время июньских событий 2010 года, и наградил их именными часами Президента Кыргызской Республики.

Именные часы из рук Главы государства получили Оморбек Акимбаев, Курманбек Ахмедов, Муззафар Исаков, Бактыкан Кубатбекова, Назира Мамытова, Карамат Нишанбаева, Абдумалик Султанходжаев, Токтокан Турганбаева, Бахадыр Холматов, Николай Шваба, Байгазы Эрматов и Жакшыбай Жороев.

Текст выступления Главы государства:

«Урматтуу бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары!

Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүн  жалпы элибиз 2010-жылдын июнундагы кайгылуу окуяларды  эскерип жатат. Байыркы Ош, Жалал-Абад жергесинде беш жыл мурда болгон каргаша өлкөбүздүн бардык булуң-бурчундагы мекендештерибиздин кабыргасын кайыштырып,  жүрөгүн оорутуп, жүлүнүн сыздатты.

Арадан беш жыл өтсө дагы, ошол каргашада набыт болгондорго таазим этип,  дайынсыз жоголгондорду терең кайгыруу менен эскеребиз.

Мындай  капсалаң, мындай кайгы – эгемендүү тарыхыбыздагы башыбызга түшкөн эң чоң сыноолордон болду.

Адамдын бийик касиеттери ушундай оор жагдайларда, катуу кагылыштарда сыналат.

Эзелтен кыргыз курамалуу эл болгон. Манас бабабыз: кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым, деп бекеринен айткан эмес. Биздин эң негизги байлыгыбыз – элдердин достугу, биримдиги жана ынтымагы.

Ынтымак, тынчтык  ар бир шаардан, ар бир көчөдөн, ар бир үй-бүлөдөн, ар бир адамдан башталат! Бүгүн биз ошол ынтымак, биримдик жана тынчтык үчүн күрөшкөндөрдү, элибиздин биримдигин сактап калгандарды сыйлап жатабыз!

Силер бар – мамлекетибиздин келечеги бар. Мен силер менен сыймыктанам. Сиздер менен жалпы Кыргызстан эли сыймыктанса болот!

Дорогие соотечественники!

По прошествии пяти лет многое становится явным. Уже ясно, кто был заинтересован в июньских событиях. Кто толкал людей в пропасть конфликта. Кто извлекал из трагедии политические дивиденды. Кто боится теперь народного гнева и пытается свалить вину на других!

Сравнивая, к чему приводят подобные события в других странах, мы вновь убеждаемся в мудрости народа Кыргызстана и верности выбранного нами пути. Наша страна продемонстрировала уникальный опыт локализации межэтнического конфликта за считанные дни, а затем восстановления мирной жизни и выхода на путь устойчивого развития.

В те дни весь  Кыргызстан пришел на помощь пострадавшим. Только из республиканского бюджета на эти цели дополнительно были выделены миллиарды сомов. Тысячи простых граждан во всех регионах страны ежедневно собирали и отправляли в зону бедствия гуманитарные грузы.

Разрушенное удалось восстановить. Но сложная и трудная работа по преодолению последствий трагедии продолжается и сегодня. К сожалению и сегодня немало тех, кто ради власти готов обманывать народ, сеять смуту и провоцировать конфликты. Но мир и благополучие в Кыргызстане не в состоянии обеспечить никто, кроме нас самих. Единство страны и народа начинается с каждого дома, с каждой улицы, с каждого села и города.

И сегодня мы награждаем именно таких людей, которые сохраняют и укрепляют единство народа Кыргызстана. Благодаря которым крепнет и развивается наша страна.

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерге кааларым Кыргызстанда дайыма тынчтык, ынтымак жана бейпил турмуш болсун. Ар бириңердин үй-бүлөңөргө жакшылык, ырыс-ынтымак каалайм. Силердин жасаган ишиңердин аркасы балдарыңарга, үй-бүлө мүчөлөрүңөргө тийсин. Жакшылык эч качан жерде калбайт. Жараткан дайыма ниети түз, дили таза адамдардын келечегин кең кылат.

Көп улуттуу курама элибиздин эң башкы байлыгы – эзелтен элибиз чогултуп, муундан муунга өткөрүп келаткан улуу мурас – улуттар ортосундагы ынтымак жана биримдик.

Бар бололу, бир бололу! Ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдейли!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бардык жакшылыктарды каалайм!».

10 июня 2015