Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жарлыктардын долбоорлору

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, мыйзамдар тарабынан белгиленген мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн кадрлар резервинин сапаттык курамын түзүү бөлүгүндө жана кадрдык дайындоолордо аталган резервдерди колдонууга көзөмөлдү уюштуруу жагында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын долбоорун иштеп чыкты:

—  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо жана кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү маселелери жөнүндө»;

— «Шаарлардын мэрлеринин, вице-мэрлеринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин маселелери жөнүндө».

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарына алдын-ала экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн.

Жогоруда аталган мамлекеттик органдардын корутундуларын алгандан кийин, алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен долбоорлор кайрадан иштелип, жакшыртылды.

Бул жарлыктардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизилет деп пландалууда.

Мыйзам чыгаруу жол-жоболорунун алкагында жогоруда аталган Жарлыктын долбоорлору коомдук талкууга берилет.

Билдирүүңүздөрдү жана комментарийлериңизди төмөнкү электрондук почтага жөнөтө аласыз: temyrmalikova@gmail.com, телефон: (0312) 62-42-25.