Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мыйзам долбоорлору

2021-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын судьяларынын республикалык кеңешмесинде чыгып сүйлөгөн сөзүнүн негизги жоболорун ишке ашыруу боюнча 2021-жылдын 15-мартында Мамлекет башчысы тарабынан бекитилген иш-аракеттердин планынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын 5 мыйзам долбоору даярдалды:

— «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  • «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.

Бул мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине экспертизага, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына жөнөтүлдү.

Жогорудагы мамлекеттик органдардан корутундулар келип түшкөндөн кийин алар жогоруда аталган мамлекеттик органдардын сын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен толукталып иштелип чыкты.

Аталган мыйзам долбоорлору мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизиле тургандыгы пландалууда. 

Мыйзам чыгаруу жол-жоболорунун алкагында жогоруда аталган мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлат.

Сунуш жана сын-пикирлериңизди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүз: kurmanbaevaaida24@gmail.com, телефон: (031-29) 6-03-17.
 
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата сунуштар жана сын-пикирлерди кабыл алууга жооптуу кызматкер – Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти Зулпуев Э.А., 0 312 66-63-64, 0999 30-55-44, emir.kg@mail.ru
 
“Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата сунуштар жана сын-пикирлерди кабыл алууга жооптуу кызматкер – Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти Зулпуев Э.А., 0 312 66-63-64, 0999 30-55-44, emir.kg@mail.ru