Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 26-30-июлуна чейинки аткарган иши жөнүндө маалыматтар

— Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган өз судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, тактап айтканда Ысык-Көл (2), Чүй (1), Талас (1), Баткен (1) облустук сотторуна жана Бишкек шаарынын Биринчи май (1) райондук сотуна жалпысынан 6 (алты) талапкер сунушталып, алардын бардыгы 2021-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен дайындалып, андан ары судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди.

  • Санариптик трансформациялоо боюнча шарттарды түзүү, санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот-укуктук реформаны мындан ары ишке ашыруу максатында, «Укук» мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомунун долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А. Марипов тарабынан 2021-жылдын 24-июлунда кол коюлду.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А. Марипов тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кол коюлду, бул өзгөртүүлөр боюнча прокуратура органдарына тергөө функциясы кайтарылгандыгына байланыштуу кошумча тергөөчүлөрдүн штаттары, административдик имараттар жана автоунаалар берилгендиктен кенже тейлөөчү штаттык бирдиктердин саны көбөйтүлдү.
  • Жума ичинде бөлүмгө 66 кат келип түштү, алардын каралышы контролго алынды. Мындан тышкары 8 жаран бөлүмдө жеке кабыл алууда болду, аларга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  мыйзамдарынын талаптарына ылайык канааттандыраарлык түшүндүрмөлөр берилди.
2021-жыл 31-июль