Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө  маалымат — 26.07.2021-ж. - 30.07.2021-ж.

  1. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын «Баткен облусундагы айыл аймактарды жана шаарларды камкордукка алуу (шефтик)» жөнүндө буйругунун аткарылышы тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун акимдери жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү;
  2. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун Талас облусуна жумушчу сапарын даярдоо (30.07.2021 г.);
  3. КР көз карандысыздыгын 30 жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын аткарылышы тууралуу КР Президентинин Администрациясынын жетекчилигине аналитикалык маалымат даярдоо;
  4. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Баткен, Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарындагы тапшырмалардын негизинде иш-чаралардын планы даярдалды.
2021-жыл 30-июль