Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн 2021-жылдын 12-июлунан 30-июлуна чейин аткарган иштери жөнүндө маалымат

 

— 13-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын коронавирустук инфекцияга күрөшүү максатында Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнөн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө жеке коргонуу каражаттары жана медициналык буюмдарынан турган гуманитардык жардам алуу аземинде катышуусу даярдалды;

— 15-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жолм менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды;

— 16-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Пекиндеги «Тынчтыкка саякат» маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чанчун менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушууда пикир алмашуу орун алып, эки тараптуу кызматташуунун багыттары талкууланды;

— 16-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

— 17-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын төрагалыгы астында Афганстан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринен афган-тажик чек арасынан өткөн этникалык кыргыздарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

— 18-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Курман-Айт майрамына карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларына куттуктоо каттары даярдалып, жөнөтүлдү;

— 21-июлда КР Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы А. А. Айдарбековдун төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтө турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жыйыны өттү;

— 23-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун төрагалыгы астында Тажикстан Республикасынын жүк ташуучу унааларын өткөрүү, ошондой эле Тажикстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын эл аралык аэропортторунан үчүнчү өлкөлөргө учуп кетүүгө уруксат берүү маселелерин талкуулоо жөнүндө КР мамлекеттик органдарынын жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

— 23-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — КР Экономика жана каржы министри А. У. Жапаровдун төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтө турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

— 23-июлда Чолпон-Ата шаарында боло турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жана Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги отурумдарына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү;

— 26-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен БАЭ ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

— 28-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Джэ мырза менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда кыргыз-корей кызматташтыгынын абалы жана келечеги, анын ичинде кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Бишкек жана Сеул шаарларынын ортосунда аба каттамын ачуу жана башка маселелер талкууланды;

— 28-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун Сауд Аравия Падышалыгынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Ради менен жолугушуусу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө кыргыз-сауд кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланды;

— 30-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын «COVAX» механизминин алкагында 226 миң доза өлчөмүндө коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды алуу аземинде катышуусу даярдалды;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-июлундагы (КПҮ) буйругун чыгаруу иши жүргүзүлдү.

 

2021-жыл 30-июль