Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2021-жылдын 21-июлунан 23-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн жасалган иштери жөнүндө маалымат

Бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин 3 жыйыны болуп, анда 12 маселе, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) тарабынан демилгеленген 1 мыйзам долбоору каралды.

2021-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 19 маселе каралды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) тарабынан демилгеленген 3 маселе каралды, алардын ичинен эң актуалдуусу төмөнкүлөр:

  1. «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен киргизилген).

  1. «2021-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каты менен киргизилген).

  1. «Электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Электр жана почта байланышы жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ мыйзамдарга)өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каты менен киргизилген).

 

Жалпысынан биринчи окууда − 2 мыйзам долбоору, экинчи окууда − 3 мыйзам долбоору, үчүнчү окууда − 4 мыйзам долбоору кабыл алынды.

2021-жыл 24-июль