Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2021-жылдын 21-июлунан 24-июлуна чейинки мезгилде аткарылган иштери жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2021-жылдын
21-июлунан 24-июлуна чейинки мезгилде төмөндөгү иштер аткарылды:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга төмөндөгү долбоорлор даярдалууда:

— «Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу».

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөндөгү буйруктарына кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын муктаждыктарына канааттандыруу максатында акча каражаттарын бөлүп берүү тууралуу;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине каражат бөлүп берүү тууралуу.

  1. Кыргыз Республикасынын «Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору даярдалды.
  2. 2021-жылдын 20 июлунан 22 июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын төмөндөгү облустарга иш сапары уюштурулду:

— Жалал-Абад облусуна, селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушуу максатында;

— Баткен облусуна, селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында окуялардын натыйжасында жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышуу максатында.

  1. Мамлекеттик органдардан жана жарандардан келип түшкөн кайрылууларды кароонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын жетекчилигинин атынан тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдарга аткарууга жөнөтүлдү.
2021-жыл 24-июль