Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнөн 2021-жылдын 5-9 июлунда аткарган иштери жөнүндө маалымат

Чогулуштар:

— 2021-жылдын 6 июлунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А. Ж. Джунушалиевдин төрагалыгы астында, тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда, «Макмал кенин иштетүү процессинде пайда болгон тоо-кен таштандыларын жана калдыктарды сактоочу жайларды кайра иштетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору боюнча жыйын болуп өттү;

— 2021-жылдын 8-июлунда, «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКсы иштеп чыккан «Перевальное», «Терек» жана «Тереккандагы» алтын кендери иштетүүчү фабриканы жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана пайдаланууга берүү маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуу болуп өттү.

Башкалар:

— түркмөн газын Кыргыз Республикасына жеткирүү маселесин изилдөө;

— электр жана жылуулук энергиясына карата Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатына байланыштуу маселелерди изилдөө;

— «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасына 121,4 млн сом субсидия бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин тескемесинин долбоорун иштеп чыгуу жана жол-жоболук жактан колдоо.

 

2021-жыл 9-июль