Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Санариптик өнүгүү бөлүмүнүн 21-жылдын 5 -9-июлунда аткарылган иштери жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У. А. Мариповдун атынан 2021-жылдын 07-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлору жөнөтүлгөн:

— «Электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

— «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу».

»Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана мамлекеттик органдарга кароого жөнөтүлдү.

2021-жылдын 2-июлунда № 74-р электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтерин реестрге киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 699 КПҮ «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомуна кол коюлду.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары–санариптик өнүктүрүү министри Д. Д. Догоев менен жолугушуу өткөрүлдү.

2021-жыл 9-июль