Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 28-июнунан 2-июлуна чейинки  (жума ичинде) аткарган иши жөнүндө маалыматтар

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинен келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын жазык жаатындагы кодекстеринин, мыйзамдарынын жана конституциялык Мыйзамдын долбоорлоруна экспертизалоо жүргүзүлүп, 2021-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешишине бөлүмдүн корутундусу жөнөтүлдү.
  • 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча (отставкага кеткендиги жөнүндө берген арызынын негизинде) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан Мамбеталы Жаңылдын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунушун киргизди.
  • 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча судьялык жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптары бузгандыгына байланыштуу Онолбеков Дамирбек Мадылбековичтин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
  • 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 сандуу “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомунун долбооруна бөлүм тарабынан экспертизациялоо жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А. Мариповго киргизилди.
  • Мындан тышкары 2021-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык сот системасын жөнгө салуучу нормаларды ишке ашыруу максатында жөнөтүлгөн беш мыйзамдардын долбоорлоруна бөлүм тарабынан коштоо жүргүзүлүүдө, алар:
  • “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;
  • “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;
  • “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;
  • “Кыргыз Республикасынын Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
  • Жума ичинде бөлүмгө 43 кат келип түштү, алардын каралышы контролго алынган, ал эми 7 жаран бөлүмдө жеке кабыл алууда болду.
2021-жыл 3-июль