Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2021-жылдын 28-июнунан 2-июлуна чейинки мезгилде аткарылган иштери жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2021-жылдын
28-июнунан 2-июлуна чейинки мезгил аралыгында төмөнкү иш-чараларды алып барды:

- 2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилиги жана Экономфиндин өкүлдөрү менен финансылык керектөөсүн камсыз кылуу тууралуу бөлүм башчыда кеңешме уюштурулуп, өткөрүлдү;

- 2021-жылдын 1-июль күнү бөлүм башчы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарага жана Азия Өнүктүрүү Банкынын «Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында алынган оор инженердик техникаларды тапшыруу аземине катышты;

- 2021-жылдын 1-июль күнү бөлүм башчынын орун басары Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан уюштурулган кайталанган кайрылууларына карабастан көптөгөн жылдар бою арыз даттануулары чечилбей келе жаткан жарандар менен мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон жолугушуусуна катышты;

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбооруна кол коюуга даярдоо боюнча иш-чара алынып барылды;

- “Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна кол коюуга даярдоо боюнча иш-чара алынып барылды;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жиберилди;

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу экспертизадан өткөрүлүп, тиешелүү сунуштар берилди;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын долбоорун даярдоо иштери жүргүзүлдү;

- мамлекеттик органдардын жана жарандардын кайрылуулары каралып чыгып, кароонун натыйжалары боюнча, Министрлер Кабинетинин жана Президенттик Администрациянын жетекчилигинин атынан тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдарга аткарууга жөнөтүлдү.

 

 

2021-жыл 2-июль