Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнөн 2021-жылдын 28 июнунан - 2 июлуна чейинки мезгил аралыгында жасалган иштер жөнүндө маалымат

Чогулуштар:

- 2021-жылдын 1-июлунда, «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКсы иштеп чыккан «Перевальное», «Терек» жана «Тереккандагы» алтын кендери иштетүүчү фабриканы жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана пайдаланууга берүү маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуу болуп өттү.

 Ошондой эле:

- Кыргыз Республикасы менен Германиянын финансылык кызматташуу (KfW) ортосундагы «Бишкек шаарынын локалдык тармагын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу макулдашуу-катынын долбоорун жактыруу, Кыргыз Республикасы менен Германиянын финансылык кызматташуу (KfW) ортосундагы «Электр бөлүштүрүү системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоорун иштеп чыгуу жана процедуралык колдоо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Түркмөнстанга жана Тажикстанга расмий сапарлары боюнча маселелерди иштеп чыгуу;

- “Энергетика жана жер казынасын пайдалануу жаатында Өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана процедуралык колдоо;

- Баткен облусунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты А.У. Дилишатов менен жолугушуу жана айыл аймагынын көйгөйлүү маселелерин чечүү;

- 2021-жылдын 30-июнунда № 70-р номуру менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси кабыл алынды. Бул тескеменин негизинде “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2021-жылдын 30-июнунан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилде “Рыбачье” темир жол станциясынан “Аламедин” темир жол станциясына (Бишкек шаарынын ЖЭБи) чейин “Б” маркасындагы бир тонна көмүрдү (күрөң көмүр) ташуу үчүн бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен 436,0 (төрт жүз отуз алты) сом өлчөмүндөгү белгиленген тарифти (кошумча нарк салыгын эске албастан) белгилөөнү камсыз кылат;

- Түркмөнстандын Өкмөтү менен Өнөр жай кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууну бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу кабыл алынды;

- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30-жылдык мааракесине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо боюнча жумуштарды жүргүзүү. Анын ичинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивинин Тажикстандын энергетикалык тутумунан энергетикалык жактан көз карандуулукту жоюу 2021-жылдын 31-августуна пландаштырылууда.

2021-жыл 2-июль