Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн 2021-жылдын 28-июнунан тартып 2 июлуна чейин аткарган жумушу боюнча маалымат

  1. 2021-жылдын 28-июнунда Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти Ж.Мусурманкулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Чу суусунун жээктерин бекемдөө иштери жана Чу суусунун жээгинин өзгөрүшүнүн кесепетинен болгон кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасынын абалы тууралуу» маселени талкуулоого катышкан.
  2. 2021-жылдын 27-29-июнунда Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Ч. Мамат уулу Кыргыз Республикасына Президенти С. Жапаровдун Туркменистан менен Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарына катышып, 2021-жылдын
    28-29 июнунда Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулоого катышкан.
  3. 2021-жылдын 1-3-июлунда Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Н.Борубаев менен эксперт
    Ж. Мусурманкулов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында Үч мамлекеттин тогошкон чекити маселесин талкуулоо максатында үч тараптык жолугушууга катышып жатышат.
  4. Андан тышкары Өкүлүчүккө келген каттар менен үзгүлтүксүз иш алынып барылат.
2021-жыл 2-июль