Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын Жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн 2021-жылдын 28-июндан 2-июлга чейин аткарган негизги иштери

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер боюнча башкармалыгы, Макс Планк атындагы эл аралык тынчтыкты жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо Фонду, Борбордук Азиядагы Евразия Фонду (ФЕЦА) менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин колдоосундагы «Элдердин биримдиги көп түрдүүлүктө» долбоорун аткаруунун алкагында «Элдин биримдиги» аттуу пресс-тур 2021-жылдын 29-30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунда уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын курамына кирген этностук бирикмелердин өкүлдөрү, көп этностуу жамааттардын лидерлеринин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Кыргыз жараны концепциясын түшүндүрүү иш-чаралары Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында уюштурулду.

  1. 2021-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 25 жылдык иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуулугун жана андан аркы артыкчылыктарын жогорулатуу болуп саналат.

25 жылдын ичинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, чыр-чатактын алдын алууга, ар түрдүү диндерди жана конфессияларды жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулукту орнотууга багытталган бир катар маанилүү милдеттерди жана программаларды ишке ашыра алды. Алардын ичинен «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы» жана «2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планына» коюлган максаттарды ийгиликтүү жүзөгө ашырууга натыйжалуу түрткү берди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын, академиялык коомчулуктардын өкүлдөрү жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелер боюнча эксперттер катышты.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын Концепциясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнө жөнөтүлдү.
  2. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров
    Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Жолдошевич Мусаевди кабыл алды. Кабыл алууда мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр, аны чечүүнүн жолдору менен бирге келечеги тууралуу ойлор жана сунуштар айтылып, мекеменин жетекчисине тийиштүү тапшырмалар берилди.
  3. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Администрациясынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери аткарылды.

 

2021-жыл 2-июль