Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 2021-жылдын 25-30-январында аткарылган негизги иш-чаралар тууралуу маалымат

 

  1. Уюштурулган жана өткөрүлгөн (аткарылган) иш-чаралар:

 

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациялык иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгына коюлган тапшырмалар аткарылды (Улуттук гвардиянын өздүк курамынын даярдыгын камсыз кылуу жана генералитеттин тизмесин түзүү, чакыруу, ПЦР-тестин алууну уюштуруу, салтанатка жеткирүү, тийиштүү материалдарды даярдоо);

2) КР Коопсуздук кеңешинин экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси тууралуу жыйналышын өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө (КР Өкмөтүнүн жетекчилиги менен кеңешмелер өткөрүлүп, тийиштүү аналитикалык материалдар, чечимдин долбоору жана КР Президентинин тезистери даярдалууда);

3) Төмөнкү КР Президентинин Жарлыктарынын долбоорлору даярдалып, киргизилди (жалпысынан 5, анын 2 кол коюлду «С» грифи менен):

— КР Коргоо министрлигин түзүү боюнча (кол коюуга киргизилди);

— Мамлекеттик чек ара кызматы боюнча КР Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө (Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрү менен макулдашуу процессинде);

— КПҮ (УКМКнын Чек ара кызматынын түзүлүшү боюнча, даярдалууда).

 

 

Кошумча:

— Холокоста курмандыктарын эскерүү боюнча эл аралык күнгө арналган мемориаилдык иш-чарага катышуу (27.01.2021-ж.);

— КР Президентинин Аппарат Жетекчисине — КР Президентинин Куралдуу Күчтөрдүн күнүн майрамдоонун алдында аскер кызматкерлери үчүн Ош шаарында курулуп жаткан 216 батирлүү үйдүн ачылышына катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жөнүндө кызматтык кат киргизилди;

— КР Коргоо министрлигин түзүү маселеси боюнча КР КК Генералдык штабдын өкүлү жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү (29-январда);

— Беларусь Республикасынын и Молдова Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчыларына куттуктоо каттары даярдалды;

— ички иштер органдарын реформалоо маселеси боюнча диалогдук иш-чарага катышуу;

— КР жарандарын Ирактан репатриациялоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардын кеңешмесине катышуу;

 

 

  1. КР Коопсуздук кеңешинин төмөнкү чечимдерин ишке ашыруу боюнча контролдоо жүргүзүлүп жатат:

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кеңештин 20 чечиминин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатат.

Анын ичинен 2 чечим ушул жылдын 24-декабрында кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштамалар маселелери боюнча).

Ошондой эле, 2 толук ишке ашырылган (2020-жылдын

24-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмеги боюнча сунуштама жѳнүндѳ»; 2020-жылдын

21-мартындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө»).

КР Коопсуздук кеңешинин 18 чечими контролдо турат, ал боюнча квартал сайын 10 числодо Президенттин атына маалымат берилип турат.

Алардын ичинде 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын көйгөйүнө тийиштүү.

Көрсөтүлгөн чечимдер боюнча 2021-жылдын 5-январында жетекчиликке аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат киргизилди.

 

  1. Эл аралык багытындагы иш-чаралар

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун инаугурациясына катышууга  ЖККУ Генералдык катчысы В. С. Застын келүүсү уюштурулду. 2021-жылдын 27-январында С. Застын КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Р. Мусаев менен жолугушуусу өттү.

26-январда Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Кризистик жооп кайтаруу борборунда «2022-жылга ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн башкаруу органдарынын биргелешкен даярдык планынын» долбоорун талкуулоо видео-байланыш режиминде өткөрүлдү. Талкууга КР министрликтеринен, ведомстволорунан 9 кызматкер катышты.

 

  1. Мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча ишти уюштуруу

 

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы (МБК) коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча актуалдыштырылган планга эксперт жана МБКдан бекитилген кызматкер менен биргеликте аралык мониторинг жүргүзүлдү.

Ошондой эле, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Борбордук аппаратындагы коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча актуалдыштырылган планга «онлайн» режимде мониторинг жүргүзүлдү.

 

 

  1. Кураторлук жүргүзүлүүчү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча ишти уюштуруу жүргүзүлүп жатат:

1) КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;

2) КР Ички иштер министрлиги;

3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

4) КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

5) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

6) КР Мамлекеттик чек ара кызматы;

7) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

8) КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы).

 

  1. Жетекчиликтин жана КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын дарегине келип түшкөн мамлекеттик органдардын маалыматтары, кайрылуулар, жарандардын арыздары жана даттануулары каралган.

Тийиштүүлүгү боюнча резолюциялар/тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат (аларды карап чыгуу контролго алынган). Айрым маселелер боюнча жарандар кабыл алынууда.

 Бардыгы —  31.

 

  1. Кошумча:

КР ИИМ боюнча Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалыматтар, ошондой эле КР ӨКМ боюнча окуялар тууралуу маалыматтар күн сайын берилип, алар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүп турат.

Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ачык булактар жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу байкоо жүргүзүлүүдө.

2021-жыл 30-январь