1) Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациялык аземине даярдыктар жүргүзүлдү.
2) КР Президентинин ант берүү салтанатына чакырылган ЖККУ Генералдык катчысы В. С. Застын келүүсү боюнча уюштуруу иштери Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иштелип жатат.
3) КР Коргоо министрлигин түзүү боюнча КР Президентинин Жарлыгынын долбоору даярдалды.
Кошумча:
КР Президентинин м. а. дарегине:
— экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштамалар маселеси боюнча КР Коопсуздук кеңешинин жыйналышына даярдык көрүү (анын ичинде, аталган маселе боюнча КР Президентинин Аппаратында 2 кеңешмеге кызматкерлер катышты, мамлекеттик органдарга 8 телефонограмма жиберилди, даярдык иштери башталды) кызматтык кат киргизилген
КР Президентинин Аппарат Жетекчисине:
— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин шайлоолор боюнча чечимин контролдон алып салуу боюнча кызматтык кат киргизилди.
КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кеңештин 20 чечиминин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатат.
Анын ичинен 2 чечим ушул жылдын 24-декабрында кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштамалар маселелери боюнча).
Ошондой эле, 2 толук ишке ашырылган (2020-жылдын
24-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмеги боюнча сунуштама жѳнүндѳ»; 2020-жылдын
21-мартындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө»).
КР Коопсуздук кеңешинин 18 чечими контролдо турат, ал боюнча квартал сайын 10 числодо Президенттин атына маалымат берилип турат.
Алардын ичинде 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын көйгөйүнө тийиштүү.
Көрсөтүлгөн чечимдер боюнча 2021-жылдын 5-январында жетекчиликке аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат киргизилди.
Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун «Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын Координациялык кеңеши жөнүндө жобосун» видеоконференция режиминде талкуулоо иши уюштурулду жана 20-январда Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Кризистик жооп кайтаруу борборунда өткөрүлдү. Талкууга 6 мамлекеттин өкүлдөрү, ал эми КР министрликтеринен, ведомстволорунан 10 кызматкер катышты, анын жыйынтыгында Протокол кабыл алынды.
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддогу коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо иш-чараларынын актуалдаштырылган планына жыйынтыктоочу мониторинг жүргүзүү маселеси боюнча КР Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобунун кеңешмеси уюштурулду жана өткөрүлдү. Ага ушул Актуалдыштырылган пландын иш-чараларынын биринчи аткаруучулары жана тең аткаруучулары болгон мамлекеттик органдардын бардык өкүлдөрү катышты (21.01.2021, ФУГИ имараты).
1) КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
2) КР Ички иштер министрлиги;
3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
4) КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
5) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
6) КР Мамлекеттик чек ара кызматы;
7) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
8) КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы).
Тийиштүүлүгү боюнча резолюциялар/тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат (аларды карап чыгуу контролго алынган). Айрым маселелер боюнча жарандар кабыл алынууда.
Бардыгы — 50.
КР ИИМ боюнча Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалыматтар, ошондой эле КР ӨКМ боюнча окуялар тууралуу маалыматтар күн сайын берилип, алар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүп турат.
Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ачык булактар жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу байкоо жүргүзүлүүдө.
2021-жылдын 25-30-январына карата пландалган негизги иш-чаралар