1) Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациялык иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тийиштүү материалдар жана даярдык иштер аткарылууда;
2) КР Коопсуздук кеңешинин экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси тууралуу жыйналышын өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө (КР Өкмөтүнүн жетекчилиги менен кеңешмелер өткөрүлүп, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди);
3) КР Коргоо министрлигин түзүү маселеси боюнча КР КК Генералдык штабынын жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинин катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү (12-январда, КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгында);
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин биринчи кезектеги маанилүү чечимдери катары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору даярдалып, жакынкы күндөрдө кол коюуга киргизилет.
Кошумча:
— КР Президентинин Аппарат Жетекчисине 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде каралуучу маселелер боюнча сунуштар жөнүндө кызматтык кат киргизилди;
— КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын тарыхий маалымкатынын долбоору иштелип чыкты;
— КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 2020-жылы аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат даярдалып, тийиштүү бөлүмдөргө жиберилди;
— КР Коопсуздук кеңешинин катчысы 40-өзүнчө аткычтар бригадасына арналган эскерүү иш-чарасына катышты (2021-жылдын 14-январында);
— айрым саясий кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына карата маалымат даярдалды (мүлктөрү боюнча);
— 2020-жыл ичиндеги коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө маалымат даярдалды;
— терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча тийиштүү маалымат даярдалып, улуттук коопсуздук органдарына жиберилди;
КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кеңештин 20 чечиминин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатат.
Анын ичинен 2 чечим ушул жылдын 24-декабрында кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштамалар маселелери боюнча).
Ошондой эле, 2 толук ишке ашырылган (2020-жылдын
24-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмеги боюнча сунуштама жѳнүндѳ»; 2020-жылдын
21-мартындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө»).
КР Коопсуздук кеңешинин 18 чечими контролдо турат, ал боюнча квартал сайын 10 числодо Президенттин атына маалымат берилип турат.
Алардын ичинде 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын көйгөйүнө тийиштүү.
Көрсөтүлгөн чечимдер боюнча 2021-жылдын 5-январында жетекчиликке аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат киргизилди.
2020-жылы аткарылган иштерди жыйынтыктоо жана 2021-жылдын
1-кварталына карата иш планын түзүү боюнча КР Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобунун эксперттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
2021-жылдын 15-январында КР Өкмөтүнүн Аппаратында болгон кеңешмеде тийиштүү мамлекеттик органдарга коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча деталдаштырылган Пландардын аткарылышы тууралуу толук маалыматты киргизүү тапшырылды.
1) КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
2) КР Ички иштер министрлиги;
3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
4) КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
5) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
6) КР Мамлекеттик чек ара кызматы;
7) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
8) КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы).
Тийиштүүлүгү боюнча резолюциялар/тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат (аларды карап чыгуу контролго алынган). Айрым маселелер боюнча жарандар кабыл алынууда.
Бардыгы — 51.
КР ИИМ боюнча Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалыматтар, ошондой эле КР ӨКМ боюнча окуялар тууралуу маалыматтар күн сайын берилип, алар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүп турат.
Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ачык булактар жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу байкоо жүргүзүлүүдө.
2021-жылдын 18-23-январына карата пландалган негизги иш-чаралар