Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы

СУЛТАНБАЕВ Эрбол Абдыкадырович 

 

1991-жылы 10-августта Бишкек шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү.

— 2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

— 2015-жылы Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясын (Москва шаары) «Интеллектуалдык менчик. Патент таануу» багыты боюнча артыкчылык диплом менен аяктаган.

— 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекетик юридикалык академиясынын магистратурасын бүтүргөн.

Эмгек жолу

— 2013-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматта (Кыргызпатент) басма сөз катчы;

— 2015-жылдын январь–ноябрь айлары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматтын (Кыргызпатент) төрагасынын жардамчысы, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер;

— 2015-2016-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматтын (Кыргызпатент) инновация бөлүмүнүн башчысы;

— 2016-2017-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо, каржы жана кредиттик саясат бөлүмдөрүнүн эксперти;

— 2017-жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;

— 2017-2019-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн эксперти, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

— 2019-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

— 2020-жылдын январь айы — 2021-жылдын май айы — Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— 2021-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын башчысы.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазычылык каты (2016-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамотасы (2018-ж.), Бишкек шаардык кеңешинин ардак грамотасы (2019-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты (2020-ж.) менен сыйланган.