Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өмүр баяны

Мамытов Талант Турдумаматович

 

1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетте окуган.

2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштеген.

2001-2002-жылдары — Жалал-Абад облустук прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болгон.

2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүнүн кызматын аркалаган;

2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болгон.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Уюштуруу жана эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору кызмат ордунда эмгектенген.

2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.

2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары болгон.

2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп эмгектенген.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген.

2011-2013-жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.

2020-жылдын 14-ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.