Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “1924-жылдын 14-октябрында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун негизи түптөлгөн”

Бүгүн, 2014-жылдын 14-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча Комиссия мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү өлкөбөздүн жаңы тарыхындагы негизги барактарынын бири экендигин белгиледи. ”Мындан туура 90 жыл илгери негизи түптөлүп, анын аркасы менен 1991-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгү кайрадан түзүлгөн”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен улуттук маданияттын кайра жаралуусу, билим берүүнү, искусствону, жаңы экономиканы жана өнөр жайын, ири товардык айыл чарбасын жана социалдык инфраструктураны курууну өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн.

2014-жыл 14-октябрь