Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыктарга кол койду, аларга ылайык 436 адамдын (366 чоң киши жана 70 бала) өтүнүчү канааттандырылды.

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын башка жарлыктарына ылайык 611 адамдын (504 чоң киши жана 107 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүчтөрү канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын Өзбекстан Республикасынан жана Россия Федерациясынан келген этностук кыргыздар; Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары; Россия Федерациясынан, Казакстан  Республикасынан, Украинадан кайтып келген адамдар, ошондой эле КР жарандыгын жалпы негиздерде кабыл алган адамдар кабыл алышты.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан Малайзияга, Түркмөнстанга, Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына, Беларусь Республикасына жана Германия Федеративдүү Республикасына кетишкен жарандар чыгарылды.

Жарлыктардын тексттери менен ушул жерден таанышса болот >>>

 

2012-жыл 25-декабрь