Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев коопсуздук маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-августта  коопсуздук маселелери боюнча  кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн коргоо жөндөмүн арттыруу жана мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды укту.

Президентке ошондой эле Үңкүр-Тоо аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана Өзбекстанда мыйзамсыз кармалган кыргызстандык төрт жаранды Мекенге кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да баяндалды.

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери айрым саясатчылар чек арадагы түзүлгөн кырдаалды тар саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга далалаттанып жатышкандарын айтышты. Алардын пикири боюнча, бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттер чек ара боюнда жашаган калктын коопсуздугуна шек келтирип, чек арадагы азыркы түзүлгөн кырдаалды улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен жөнгө салууга тоскоол болот.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдары буга окшогон аракеттерди чечкиндүү токтотуулары зарыл экенин белгиледи жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жарандардын коопсуздугун, өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарууга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.

Андан тышкары, Мамлекет башчысы мамлекеттик кызыкчылыктарды мындан ары коргоо үчүн мамлекеттик органдар дипломатиялык каналдар аркылуу чек ара маселелерин чечүүдө принциципиалдуу позицияда турушу керек экенин баса белгиледи.


2016-жыл 27-август