Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта Бишкек шаарында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдү ачуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы аскер кызматчыларын жаңы конуштары менен куттуктап, Кыргызстандын эгемендигинин алдында болуп жаткан бул жөрөлгө жаңы батирлердин ээлери сыяктуу эле өлкө Президенти үчүн да кубанычтуу окуя экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет журт башына кыйынчылык түшкөндө колуна курал алып, эл-жерди коргой турган, тынчтык мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылып жаткан Мекен  сакчылары жөнүндө камкордук көрүүгө милдеттүү экендигин белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, кийинки 2 жылдын ичинде миңден ашуун аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү батирлүү болушкан. Президент бул иш токтобой мындан ары да улана берээрин, анткени биз өз аскерибизге, күч структураларына камкордук көрүшүбүз керек экенин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын, ал эми Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дуйшенбиевге үйдүн алдында балдар ойноочу аянтты куруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификатты тапшырды.

2016-жыл 26-август