Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ци Даюйду анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Ци Даюйду анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстандагы жемиштүү ишмердиги үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылдарда кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүндө жакшы өзгөрүүлөр болуп, эки тараптуу мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычына көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө карай багыт мындан ары да улана берерине ишене тургандыгын билдирди.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан кыргыз-кытай долбоорлору, анын ичинде энергетике жана инфратсруктураны өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлор өлкө өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.

Президент Алмазбек Атамбаев Ци Даюйга мындан аркы ийгиликтерди каалады жана Кытай Республикасынын Председатели Си Цзиньпинге жакшы каалолорун билдирди.

2016-жыл 26-август