Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн адам курмандыктарына алып келген кыйраткыч зилзалага байланыштуу Италия Президенти Сержо Маттареллага көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Италияда болгон кыйраткыч зилзалада көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Италия Президенти Сержо Маттареллага көңүл айтты.

«Ушул оор учурда Кыргыз Республикасынын элинин жана өз атымдан чын ниеттен жана терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле курман болгондордун туугандарына жана жакындарына биздин колдообузду, жабыр тарткандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалообузду билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

2016-жыл 24-август