Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Газиантеп аймагындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террористтик актыга байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шахинбей районунун Газиантеп аймагындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террористтик актыга байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга  көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын телеграммасында  Кыргызстан эли боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, Түркиянын терроризмге каршы чечкиндүү күрөшүн колдой тургандыгы белгиленген.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына колдоо билдирип, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

2016-жыл 22-август