Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-августта өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, террористтик жана экстремисттик уюмдарды ашкерелеп, алардын ишмердигин токтотуу чараларын активдештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстик иштер тууралуу маалымат алды.

Абдил Сегизбаев ошондой эле терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана жакында өтө турган эл аралык иш-чаралардын учурунда коопсуздукту камсыз кылууга УКМК бөлүктөрүн даярдоонун жүрүшү тууралуу Президентке баяндап берди.

2016-жыл 19-август