Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-августта өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Кубатбек Боронов шаардын сел каптаган аймактарында арыктардын жоктугунан улам турак үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптап кеткенин айтты.  Министрдин айтымында, өлкө Президентинин тапшырмасы  боюнча, жаан-чачындын көп болгондугуна жана республикада гидрологиялык абалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу куткаруучулар зарыл болгон чараларды көрүп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүүнү жана калк жашаган аймактарды жана инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн гидрологиялык кырдаалды мониторингдөөнү улантууну тапшырды.

Андан тышкары, Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары өзгөчө кырдаалдарга кириптер аймактарда жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин активдештирип, алар менен бирге жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.

2016-жыл 18-август