Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы алдыдагы эл аралык иш чараларга, анын ичинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекет башчыларынын Бишкектеги юбилейлик саммитин өткөрүүгө,  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку даражалуу конокторун тосууга, Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорк шаарында өтө турган 71-сессиясынын жыйынына катышуусуна даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалыматты укту.

Андан тышкары өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө жана чет жердик   орчундуу өнөктөр менен эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кадамдарды ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы олуттуу тышкы саясый иш чараларга жакшылап даярдануунун маанисин белгилеп, Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясатынын орчундуу багыттарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

2016-жыл 17-август