Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент А. Атамбаев: «Кыргызстандагы дин эркиндигин баалоо менен катар руханий таалим-тарбиядагы кемчиликтерди биргелешип жоюп, улуттук маданий жана агартуучу исламдын дөөлөттөрүн коргоо керек»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-августта Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын аалымдар кеӊешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовду, аалымдар кеӊешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды.

Жолугушууда диний чөйрөдөгү кырдаал, экстремизм менен радикалдашууга каршы турууда мамлекеттин жана диний лидерлердин биргелешкен күчтөрүн координациялоо чараларын ишке ашыруу талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки кезде диний темага байланыштуу кандай гана талкуу болбосун өтө курч мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи. «Бул талкууларды экстремисттер менен радикалдар курчутууда. Дүйнөдөгү соӊку кездеги окуялардан улам биз радикалдашууга чогуу каршы туруп, биздин мамлекеттин лайыктык мүнөзүн бекем тутунууга тийишпиз», - деди Президент.

Жыйындын катышуучулары азыркы эркиндиктерди пайдалануу менен айрым күчтөр диний чөйрөдөгү кырдаалды курчутуу аракетин көрүп, башка жарандардын көз караштарына чыдамсыз мамиле жасап жатканы тууралу бир пикирде болушту.

Атап айтканда, Чубак ажы Жалилов Кыргызстанда диний эркиндиктер үчүн эч качан азыркыдай жагымдуу шарттар түзүлбөгөнүн, ошондуктан динчилер элибиздин биримдигин колдоого тийиш экенин белгиледи.

Абдышүкүр ажы Нарматов өлкө коопсуздугун чыӊдоого жана жаштарды ыйман-адептүүлүккө тарбиялоого ислам аалымдары даяр экенин билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушев Кыргызстан жарандары туруктуу, өнүккөн өлкөдө жашасын деген максатта мындай көйгөйлөрдү чогуу талкуулап туруш үчүн Мамлекет башчысы менен түздөн түз байланышуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалады. 

Мамлекет башчысы ислам – билимдер менен жакшылыктын, турмушка жакын жана тынымсыз өнүгүп жаткан дин экенин белгиледи. «Адилет коом курууга умтулуу, калктын чабал катмарына камкордук көрүү – мамлекетибиз алдына койгон милдет. Бул жагынан мамлекет менен дин максатташ. Кыргызстандагы дин эркиндигин баалоо менен катар руханий таалим-тарбиядагы кемчиликтерди биргелешип жоюп, улуттук маданий жана агартуучу исламдын дөөлөттөрүн коргоо керек», - деди Алмазбек Атамбаев.  

2016-жыл 15-август