Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстан Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-августта  Ооганстан Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы,  Ооганстан Ислам Республикасынын Президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы саясий карым-катнаштын деңгээлин жогорулатуу менен бирге соода-экономикалык жана маданий гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты активдештирүү эки тараптын тең кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгы белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Ооганстан Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды да талкуулашты.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмар Президент Алмазбек Атамбаевге Ооганстан Президенти Ашраф Ганинин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

2016-жыл 12-август