Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Франция Президенти Франсуа Олландды туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Француз Республикасынын Президенти Франсуа Олландды туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасында Сизди Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достуктун жана өз ара кызматташтыктын туруктуу жактоочусу катары билишет.

Биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн кыргыз-француз достук мамилелер мындан ары да бекемдей берет деп ишенем”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Франсуа Олландка бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 12-август