Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 11-августта өлкөнүн билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку окуу жайларына кабыл алуунун жыйынтыктары жана жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы тууралуу маалымат алды.

Эльвира Сариева бюджеттик орундарды финансылоо белгиленген нарк боюнча жүргүзүлөрү, ал республикалык бюджеттен каржыланаарын айтып берди. Министрдин сөзү боюнча,  бул “акча студентти ээрчийт” принцибин колдонууга мүмкүндүк берет жана мамлекеттик жогорку окуу жайларды каржылоонун адилеттүү системасын түзөт.

Өлкө мектептериндеги кайра курууларга байланыштуу Эльвира Сариева кесиптик багыт берүүчү теориялык кыска мөөнөттүү программаларга кошумча мектептерде кесиптик билим берүү күчөтүлүп жатканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияны жоюп, Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын иш жүзүндө жогорулатуу үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү реформалар кылдат ойлонулуп, натыйжалуу жүзөгө ашырылышы керектигин баса белгиледи.

2016-жыл 11-август