Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-августта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуу маалында Мамлекет башчысы өлкөнүн валюта рыногунун абалы, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, экономикадагы азыркы кырдаал жана ага тышкы факторлордун, анын ичинде АКШ долларынын курсунун тийгизген таасири тууралу маалымат алды. Улуттук банктын башчысынын сөзү боюнча, алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу жана валюта рыногунда кырдаалды туруктуу кармоо үчүн финансылык регулятор бардык инструменттерди колдонуп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунун абалына бекем көз салып, улутук валютанын туруктуулугун сактоо боюнча өз маалында чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Улуттук банктын төрагасы өлкө Президентине жакынкы күндөрү айлантууга чыгарыла турган  «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл» жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» күмүш тыйындарын көрсөттү.  

2016-жыл 9-август