Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4- августта  Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады .

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын өз ара пайдалуу кызыкчылыктарга жооп берген багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилөө менен, Сизге бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми  АКШ элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

2016-жыл 4-август