Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өз Аппарат жетекчиси менен Жогорку Кеӊештин биринчи сессиясында кабыл алынган мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү ишинин жыйынтыгын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алып, VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин биринчи сессиясында кабыл алынган мыйзамдарды (мыйзам долбоорлорун) экспертизадан өткөрүү ишинин жыйынтыгын талкуулады.

Былтыркы жылдын ноябрынан тартып быйылкы жылдын 14-июлуна чейин Президенттин кароосуна парламент кабыл алган 186 мыйзам келип түштү. Анын ичинен 43 мыйзам июль айында түштү. Башкача айтканда, алар парламенттик сессиянын акыркы күндөрү кабыл алынган. Мыйзамдарга ылайык, келип түшкөн ар бир мыйзам боюнча өлкө  Президенти кол коюу же мыйзам Президенттин Аппаратына келип түшкөндөн бир ай ичинде эксперттердин тиешелүү корутундусунун негизинде Жогорку Кеӊешке каршы пикирлери (вето коюу) менен кайтаруу  чечимин кабыл алат.

Талкуу маалында Президент Алмазбек Атамбаев жаӊы чакырылыштагы парламент кабыл алган көп мыйзамдардын маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн баса белгиледи. Жогорку Кеӊештин комитеттери менен Президенттин Аппаратынын эксперттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жолго коюлган системасы  кабыл алынган мыйзамдарга Президенттин вето коюуга мажбур болгон учурларын кыйла азайтууга өбөлгө түздү.

«Жогорку Кеӊештин былтыр шайланган жаӊы курамынын биринчи сессиясы негизинен депутаттардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, өлкөдөгү тынчтыкты жана элдин биримдигин бекемдөөгө, экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, элдин бакубатчылыгын арттырууга, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоого өз салымын кошууга умтулуусун көргөздү, -  деп белгиледи мамлекет башчысы. -  Мыйзам чыгаруу ишиндеги өз ара тыгыз аракеттеерди мындан ары жакшыртуу максатында Президенттин Аппараты Жогорку Кеӊеш жана анын комитеттери менен мыйзам долбоорлорунун сапатын арттыруу жана парламентте кароо маалында эле алардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн мындан да тыгыз иштешүүсү зарыл».

2016-жыл 4-август