Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-россиялык өүктүрүү Фондунун башкармасынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3- августта  Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясында кыргыз-россиялык өүктүрүү Фондунун башкармасынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы чакан жана орто ишкерликти, биринчи кезекте айыл чарба чөйрөсүндөгү, агроөнөржай комплексиндеги жана кайра иштетүү өнөр жайындагы  ишкерликти финансылоо боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Кубанычбек Кулматовдун сөзү боюнча, өнүктүрүү Фонду жалпы суммасы 118 миллион сомдук 340тан ашуун долбоорду, анын ичинде өлкө банктары аркылуу каржыламакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев ишкерлерди мөөнөтү узакка созулган жана жеңил кредит ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу гана экономиканы жандандырууга жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн арттырууга болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлер колдоону сезип, евразиялык экономикалык интеграция шарттарында ийгиликтүү  өнүгүшү үчүн бардык багыттар боюнча өнүктүрүү Фондунун ишин мындан ары да активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

2016-жыл 3-август