Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын кызматкеринин автоунаасын жардыруу окуясы боюнча ыкчам издөө чараларын көрүүнү жана кылмышкерлерди табууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевден, ошондой эле КР ички иштер министри Кашкар Джунушалиевден Орто-Сай айылында болгон Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн  улук прокурору Эркин Курманалиевдин автоунаасын жардыруу фактысы боюнча ыкчам издөө чараларын көрүүнү жана кылмышкерлерди табууну талап кылды.

КР Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго жана КР башкы прокурору  Индира Жолдубаевага укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү үчүн кол салуу боюнча кылмыш ишин көзөмөлгө алуу жана кылмышкерлерди жоопко тартууну камсыз кылуу тапшырылды.

Андан тышкары, Мамлекет башчысы оор жаракат алган Эркин Курманалиевге дарылануу үчүн материалдык жардам берүүнү тапшырды.

2016-жыл 29-июль