Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 29-июлда Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо жана физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплексти куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Таанышуу  учурунда Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов Мамлекет башчысын курулуш иштерине 1000ден ашык адам тартылганы, ошондой эле 80 ар кандай түрдөгү техникалар иштеп жатканы тууралуу маалымат берди.

Турдубек Мамбетовдун айтканы боюнча, азыркы учурда ат майданынын административдик имаратынын бардык кабаттарында жасалгалоо иштери жүрүп жатат, трибуналарда отургучтар орнотулууда, металл жабдуулары коюлуп, чуркоочу жолдун негизи салынууда.  Спорт комплекси эл аралык бардык стандарттарга шайкеш келет.

Президент Алмазбек Атамбаев быйыл сентябрь айында өтө турган экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун бийик денгээлине жооп бергидей болушу үчүн  ат майданындагы курулуш иштеринин жана анын аймагын көрктөндүрүүнүн сапаты ойдогудай болушуна өзгөчө көңүл бурду.

 Андан ары Мамлекет башчысы “Газпром Кыргызстан” компаниясынын колдоосу менен курулуп жаткан жалпы аянты 5 миң чарчы метр келген үч кабаттуу физкультура-ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышты.

2016-жыл 29-июль