Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев «Курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө администрациялык актыларды физикалык жана юридикалык тараптардын даттануусун сотко чейинки милдеттүү кароо тартибин киргизүү.

Бул максатта кабыл алынган Мыйзам Токой кодексине, «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Озон катмарын коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Киргизилген оӊдоолор токой фондун пайдалануу укугунун токтотулушуна, курчап турган чөйрөнү, озон катмарын коргоо, өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдеринин кабыл алынышына байланыштуу талаштар администрациялык ишмердик жана  администрациялык процедуралар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанууга жатат.

2016-жыл 29-июль