Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 27-июлда «А.А.Максутов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Максутов Алтынбек Аскарович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 27-июль