Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо жана тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы пландар тууралу маалыматты укту.

Улан Исраилов коррупцияга каршы турууда алдын алуу мүнөзүндөгү антикоррупциялык чаралардын натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көӊүл бөлүнүп жатканына токтолду. 

Президент Алмазбек Атамбаев антикоррупциялык чараларды мындан ары өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуу зарылдыгын белгиледи.

2016-жыл 27-июль