Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Мыйзам «Ички миграция жөнүндө» Мыйзамдын жоболорун «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамдарга шайкеш келтирүү аркылуу ички жер которуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган Мыйзамдын негизги жоболору  Өкмөттүн, ички жер которуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багыттылган.

2016-жыл 25-июль