Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Футбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасынын дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилиги кыргызстандыктарды кубандырды”

«Футбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасынын дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилиги кыргызстандыктарды кубандырды», - деди бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев футбол боюнча өлкөнүн аялдар курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы команданын мүчөлөрүн жакында Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилиги менен куттуктады.

 «Силер менен жолугушуу мен үчүн сыймык. Өзүңөр жапжаш болуп туруп, силер өлкөбүздүн бардык жаштарына үлгү болдуңар. Силер азырынча жеңишиңердин маанисин толук баалай элексиңер деп ойлойм. Биздин бул дүйнөлүк  чемпионаттагы күмүш медалыбыз сыяктуу жетишкендиктер кыргызстандыктардын ишенимине ишеним кошуп, ар бир адамды шыктандырат, бүтүндөй өлкөбүздүн ийгилигине болгон ишеничти бекемдейт, - деди Алмазбек Атамбаев. – Так ушул силер сыяктуу күчтүү адамдар Кыргызстан элинин өзөгүн түзөт. Ал эми илим-билим, ден соолук жана бактылуу аялдар – улутубуздун бакубатчылыгынын кепили”.

Мамлекет башчысы спорт адамдарды бириктире тургандыгын, жарык маанайдын башаты экенин, ал эми улуттук командаларыбыздын эл аралык ареналардагы ийгиликтери бардык кыргызстандыктарды шыктандырып, өзүнө болгон ишеничин бекемдээрин белгиледи. «Силердин бардык кыйынчылыктарга карабастан, өз максатыңарга жеткениңер жана спорттун өзүңөр тандаган түрү боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңүүчүлөрдөн болгонуңар – бул каармандык жана силердин бул эрдигиңер чоң урматка татыктуу. Мен силер менен сыймыктанам», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Президент Алмазбек Атамбаев аялдар курама командасы футболду жаштардын арасында, анын ичинде өлкөдөгү балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасында кеңири таркатууга чоң салым кошуп жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы команданы дүйнөлүк чемпионатка жакшы даярдаганы үчүн курама команданын машыктыруучусуна жана менеджерине ыраазычылык билдирди жана командага мындан аркы зор ийгиликтерди каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев футбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасына финансылык жардам жана баалуу белек катары  300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификат тапшырды.

2016-жыл 23-июль