Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Азия MIX» КВН командасын «Голосящий КиВиН 2016» музыкалык фестивалындагы жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Азия MIX» КВН командасын Россия Федерациясынын Калининград областынын Светлогорск шаарында өткөн «Голосящий КиВиН 2016» музыкалык фестивалындагы жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы көшөргөн эмгек, талант жана чыгармачылык жигер менен «Азия MIX» командасы КВН эл аралык кыймылынын эң таанымал жана жогорку класстагы командасына, эң жогорку деңгээлдеги командага айланганын белгиледи.

«Кыргызстандыктар ар дайым силердин оюнуңарды күтүшөт, силерге күйөрман болуп, силер менен сыймыктанышат», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент  Алмазбек Атамбаев «Азия MIX» командасы өз ийгиликтери менен Мекенибизде жана чет өлкөлөрдө кыргыз маданиятын таанытууга, ошондой эле эл аралык аренада өлкөбүздүн жакшы атын чыгарууга чоң салым кошуп, коомубузда жакшы маанай жаратаарын, кыргызстандыктардын чыгармачылык жана иштеги активдүүлүгүнүн жогорулашына өбөлгө болоорун белгиледи.

«Мекенибизге силердин чыгармачылыгыңар жана силердин жеңишиңер абдан керек. Силер Кыргызстандын жаштарын шыктандырып, өз күчүнө ишенимин арттырасыңар, ал эми бизге болсо, эң сонун Мекенибиз менен, эң жакшы элибиз менен сыймыктануу сезимин тартуулайсыңар. Силерге жаңы ийгиликтерди каалайм!», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

2016-жыл 18-июль