Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тереза Мэйди Улуу Британиянын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тереза Мэйге анын Улуу Британиянын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Мамлекет башчысы Тереза Мэйдин көп жылдык тажрыйбасы кыргыз-британ мамилелеринин мындан ары кеңейишине жана бекемделишине өбөлгө болооруна ишеним билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Терезе Мэйге жаңы кызматында ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине – тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2016-жыл 15-июль