Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Франция Президенти Франсуа Олландка Ницца шаарындагы терактыга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына себеп болгон Ницца шаарындагы террористтик актыга байланыштуу Француз Республикасынын Президенти  Франсуа Олландка көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

2016-жыл 15-июль