Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Франция Президенти Франсуа Олландды Бастилия алынган Күн менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франция Президенти Фрасуа Олландды улуттук майрам – Бастилия алынган Күн менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Франция ортосундагы салтка айланган достук мамилелер урматтоонун жана эки тараптуу пайдалуулуктун принциптеринде биздин элдерибиздин бакубатчылыгына кыйшаюусуз өнүгүп жана тереңдей берерине ишенем», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Франсуа Олландка бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишинде мындан аркы  ийгиликтерди, ал эми Франциянын дос элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2016-жыл 14-июль